Мамлекет тарабынан жүргүзүлө турчу коронавируска каршы эмдөө акысыз болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялар дагы калкты эмдөөнү көздөп жатат. Бирок бул учурда акы алынат. «Эмдөө иштери башталгандан кийин айрым учурларда менчик клиникаларга эмдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн беребиз. Биз вакциналардын баасын көзөмөлдөп турабыз. Мисалы «Спутник V» дарысынын биринчи дозасынын баасы 8-10 доллар (болжол менен 680-850 сом) болот. Экинчи дозасы дагы 8-10 долларга сатылат. Тактап айтканда алгач биринчи компоненти, 20-25 күн өткөндөн кийин экинчи компоненти куюлат», — деди Бейшеналиев.
Ал Кытайдын «Синофарм» дарысы орусиялык вакцинага салыштырмалуу арзан болорун айтты.