Жеке унаалар менен жүрүүгө чектөө. 64 жетекчи мэрдин тапшырмасын аткарган эмес

Май айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматкерлерге жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жума сайын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган.

Бул чаралар экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун абалын, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын көзөмөлдөө максатта кабыл алынган.

«Бул күндөрү жеке жана кызматтык унааларды колдонууга чектөөлөрдү киргизүү жол тармагындагы тыгындарды азайтат, ошондой эле коомдук транспортко суроо-талапты жогорулатууга жардам берет. Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-контролдоо иштери боюнча башкармалыгы тарабынан борбор калаанын жетекчисинин тапшырмаларын аткарбаган жетекчилерди жана кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар такай жүргүзүлүп келген. Алсак, 7-майдан 18-сентябрга чейин 64 жетекчи жана кызматкер аныкталып, аларга тартиптик чаралар көрүлгөн», — дешти.