Желектин өзгөрүшү менен паспортту алмаштыруу керекпи? Министрлик жооп берди

Тууну өзгөртүү жарандарды документтештирүүдө кошумча чыгымдарга алып келбейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

«Санариптик өнүктүрүү министрлиги желектин өзгөрүшү менен паспортторду алмаштыруунун зарылдыгы жок экенин, бул документтештирүү учурунда калк үчүн кошумча чыгымдарды алып келбей турганын билдирет. 1992-жылдын үлгүсүндөгү мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот. Демек, жарандардын колундагы бардык улуттук паспорттор алардын жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу жана алмаштырууну талап кылбайт»,- дешти.