«Женго» каймана аттуу кримтөбөл эч кандай макамы жок экенин айтты

«Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов видео кайрылуу жасап, эч кандай криминалдык макамы жок экенин айтты.

Мен 53 жаштамын. Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийип, жашап келе жатам. Буга чейинки мыйзамсыз иштериме мыйзам алдында жооп бергем. Азыркы учурда эч кандай криминалдык макамым жок. Кыргызстанда тынчтык, амандык болсун”,- деди ал.