«Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновдун жактоочусунун үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаеванын үйүндө мыйзам чегинде уруксат берилген тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйүнбаева — «Женго» каймана аттуу кримавторитет Кадыр Досоновдун жактоочусу. Буга чейин ал издөөгө алынган Досонов УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын билдирген.

Кийинчерээк Досонов УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери тарабынан сабалганын айткан. УКМК бул маалыматты четке каккан.

Андан тышкары Сүйүнбаева жалпыга маалымдоо каражаттарына 10-февралда УКМКнын кызматкерлери үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнүн билдирген. Өзүнүн айтымында, УКМКнын кызматкерлери атайын багыттагы жоокерлер жана соттун токтому менен барган.

Сүйүнбаева соттун токтому мыйзамсыз чыгарылганын белгилеген.

Ал эми УКМКнын маалыматында, бардык тергөө иштери соттун уруксаты менен жана жазык-процессуалдык мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөндүгү айтылат.