«Женго» каймана аттуу кримтөбөлдү кармоо үчүн «Перехват» планы жарыяланды

«Женго» каймана аттуу кримтөбөлдү колгоо түшүрүү үчүн атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн алкагында кылмыш иши боюнча Ош облусунда жана Ош шаарында издөөдө жүргөн кримтөбөл «Женго» каймана аты бар К.Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары боюнча, тергөө органдарынан жашынып жүргөн К.Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылып алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, анын жеке буюмдарынын арасынан баңгизат дагы табылган.

«Учурда, Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте К.Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча “Перехват” планы жарыяланды»,— деп айтылат маалыматта.