Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери токтотулду

Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан Жеңиш чокусуна чыгып, дайынсыз болгон Орусиянын жана Литванын жарандарын издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө 21 куткаруучудан турган 3 издеп-куткаруу тобу чыккан. Ошондой эле аймактын климаттык шарттарын эске алып, куткаруу топторун жеткирүү, альпинисттер жүргөн аймакты фото-видеого тартуу үчүн Коргоо министрлигинин «МИ-8МТВ» тик учагы кошо тартылган.

«Абанын температурасы -20, -30 градуска жеткен 4100 метр бийиктикке жеткен ӨКМдин куткаруучулары “Түштүк Эңилчек” базасына убактылуу жайгашып, өздөрүн эки күн климатка көнүктүргөн соң, альпинисттерди издөө иштерин улантуу үчүн 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан. Куткаруучулар альпинизм боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Дмитрий Греков менен чет өлкөлүк жарандарды издешкен. Тилекке каршы, издеп-куткаруу иштери, 2 жолку визуалдык учуу да өз натыйжасын берген эмес.

Ал эми чет өлкөлүк альпинисттер Жеңиш чокусуна жетип, эң татаал жол менен кайра ылдыйлаганы, алардын бириндеги спутник байланышынын (GPS трекери) координаты боюнча кырсык болгон жер аныкталган. Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн эместиги билинген. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын өмүрүнө кооптуу экенин эске алып, 8-августтан тартып куткаруучулар базалык лагерге, кийинчерээк туруктуу ордуна кайтарылган. Альпинисттерди издөөдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана жеткиликтүү каражатынын чегинде чет элдик туристтерди издөөгө бардык күч-аракетин жумшады«, — дешти.

4 альпинисттин үчөө – Орусиянын жараны, төртүнчүсү Литванын жараны. 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат түшкөн. Анын негизинде “Аксай-Трэвел” компаниясы 24-26-июлда тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 27-июль күнү Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө иштерине көмөктөшүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн.