Жеңиш чокусунда калып калган Наталья Наговицинанын акыркы сүрөтү жарыяланды

Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын бутун сындырып алгандан кийинки сүрөтү тарады.

РЕНТВ жарыялаган сүрөттө Наталья Наговицина бутунан жаракат алганын көрүүгө болот. Сынык чатырдын таягы менен бекитилет. Альпинисттин оң тарабында орусиялык аялга жардам берүүгө аракет кылганда каза болгон италиялык Лука Синигальяны көрүүгө болот.

Окуянын хронологиясы:

Учурдагы абал:

● Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте жатат. Анын абалы тууралуу маалымат жок. Эвакуация аба ырайы турукташып, кесипкөй даярдыктан өткөн команда жана тик учак менен камсыз болгондо гана мүмкүн болот.

● Каза болгон Лука Синигальянын жансыз денеси 6900 метр бийиктикте жатат. Эгер туугандары чечим чыгарса, анын жансыз денесин эмдиги жылы гана түшүрүүгө мүмкүн болот.