Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист — Мехри Жафари жана Реза Адинени издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулардын тобунун жана тик учактардын катышуусундагы издөө операциясы 6-августта башталган жана азыркы убакка чейин уланып жатат.
«Тилекке каршы, эмдигиче издөө операциясы натыйжа берген жок, ошондой эле эки альпинисттин учуп кеткен жана жоголгон (6 миңден 7 миң метрге чейинки) жерлерин альтитудасынын чоңдугу оорлукту жаратууда. Жоголгон ирандык альпинисттерди издөө дагы да болсо улана бермекчи»,- деп айтылат маалыматта.