Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге бир жолку жөлөкпул төлөө чечими кабыл алынды

1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Аталган чечимге ылайык, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын жарандардын төмөнкү категорияларына бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт:

Жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсиясынын, жөлөкпулунун, акчалай компенсациясынын өлчөмүнө карабастан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.