Жеңиш Молдокматов Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө эмне үчүн ачкачылык жарыялаганын айтты

29-июлда Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышып, ушул жылдын 27-июлунан саат 20:00дөн бери ага карата айыптоого макул болбой, ачкачылык жарыялаган камактагы Жеңиш Молдокматов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.
«Ал имараттарды басып алуу жана массалык башаламандык боюнча айыпталып жатат. Тергөөдөгү адамга барганда анын ден-соолугу канааттандырарлык абалдаэкени белгилүү болду. Жеңиш Молдокматовдун айтымында, анын ден-соолугу күн сайын начарлоодо. Ошондой эле, анын суранычы боюнча дарыгердин текшерүүсүнөн өткөнүн билдирди. Кароонун жыйынтыгы боюнча, дарыгер зарыл болгон медициналык текшерүүлөрдү жана туруктуу медициналык көзөмөлдөн өтүп туруусун айткан»,- деп айтылат маалыматта.
Жеңиш Молдокматов азыркы күнгө чейин 80 томдон турган кылмыш ишинин 17 тому менен таанышып чыкканын айткан. Ошол эле учурда ал №1 СИЗОго которулуу ага иштин материалдары менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле, Молдокматов ачкачылык жарыялоонун себеби өзүнүн баш коргоо чарасын камакка алуу менен байланышпаган түрүнө өзгөртүү каалоосу эмес, кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга бирдей мамиле кылуу талабы деп түшүндүргөн.