Жеңиш Молдокматов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулду

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкектеги СИЗО-1ден Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулду. Бул тууралуу журналисттерге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматы боюнча, ал ИИМдин тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде убактылуу кармоочу жайга 10 күнгө которулган.

Белгилүү болгондой, буга чейин айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандыктарды уюштуруу) боюнча кылмышка шектүү деген эскертүү берилген. Каршылык иретинде Жеңиш Модокматов ачкачылык жарыялаган.