Жеңиш Молдокматов: «Эч качан позициядан тайган эмеспиз, принциптен да адашкан эмеспиз»

«Эч качан позициядан да тайган эмеспиз, принциптен да адашкан эмеспиз». Бул тууралуу «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бүгүн, 2-февралда үй камагына чыгарылгандан кийин билдирди.

«Үй камагына чыктым. Түрмөдө отурганыма 271 күн болду. Ушул күнгө чейин дем-күч берип, колдоп турган элиме, колдоочуларыма, журналисттерге терең ыраазычылык билдирем. Мындан ары да эл-жериме кызмат кылууга даярмын», — деди ал.