Жеңиш Молдокматов: «Мага коюлуп жаткан айыптар — абсурд»

Бүгүн, 8-майда Биринчи май райондук сотунда саясатчы, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Ал соттук отурумга алып келинди.

«Коюлуп жаткан айып менен макул эмесмин. Анткени биз, 5-6-октябрда Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевди чыгаруу боюнча барганбыз. Бүгүн «имаратты басып алуу» деген кинени коюп жатышат. Бул жөн эле абсурд. Бул бийликтин кысымы», — деди ал.

Жеңиш Молдокматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө ИИМге суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (имараттарды жана курулмаларды басып алуу) менен кылмыш иши козголгон.