Жеңиш Молдокматов үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефондорунун тыңшалышы укукту одоно бузуу экенин айтты

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине барып, тергөө абагына камалган жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов менен сүйлөштү. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жеңиш Молдокматов күч түзүмдөрү тарабынан анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн уюлдук телефондорун мыйзамсыз тыңшоосу, бул адамдын кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугуна болгон конституциялык укугун одоно бузуу болуп саналарын билдирди. Мындан тышкары, ал жашы жете элек эки — 1,5 жаш жана 11 жаштагы балдары бар болгондуктан анын баш коргоо чарасын эркинен ажыратуу менен байланышпаган түргө өзгөртүү үчүн Акыйкатчы институту сот органдарына кайрылып, жардам берүүнү суранган. Ага бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча ушул жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда боло турган сот отурумуна мониторинг жүргүзүп берүүнү өтүндү.

Жеңиш Молдокматов Акыйкатчы аппаратына жазган жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда ошондой эле 11 жаштагы кызынын телефондук байланышын тыңшоо фактысы боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүүгө жана балдарынын конституциялык укуктарын коргоп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин кызматкерлеринин камакта кармоо шарттарына жана аракеттерине эч кандай дооматы жок. Молдокматовдун арызы Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн көзөмөлүндө турары маалымдалды.