Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде тинтүү жүрдү (видео)

Жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.

Видеодо тинтүү жүргүзүү үчүн келгендер анын окуяны тасмага тартышына каршы болуп жатышканын угууга болот. «Тергөө купуялуулугу деген бар. Түз эфирди өчүрүңүз», — деп жатышты алар. Ошондой эле жарандык активисттен кеңсесинде мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал болсо, өткөрүп берүүнү талап кылышты. Молдокматов алар автомат менен келгенин, «кирип эле бирөөнү басып жыгылышканын» айтты.

Жеңиш Молдокматов жаңы Баш мыйзамга каршы митингдерди уюштуруп келет. Ал президент Садыр Жапаровду, төрага Талант Мамытовду сотко берүүгө камданып жаткан. Бүгүн эле анын санаалаштарынын бири Тилекмат Кудайбергеновду милиция кызматкерлери кармап кетишкен эле. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган.