Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.
Ага журналисттер «Бул кызматка сизди ким сунуштады?» деген суроо беришкен. «Мени Садыр Жапаров сунуштады. «Барып, иштеп мамлекетти, шаарды көтөрүш керек, чогуу иштейли» деп тапшырма койду. Буюрса, дайындалдым. Шаар үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз»,- деди ал.
«Сизди Камчыбек Ташиев менен байланышы бар, досу деп да айтып жүрүшөт» деди журналисттердин бири. «Байланышыбыз бар. Мени бул кызматка ал киши эмес, президент сунуштады»,— деди ал.