Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы түзүлөт

Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы түзүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарындагы (Өзгөн, Алай жана Сузак райондордо) кооптуу болгон жер көчкү тилкелеринде мобилдүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо борборунда инструменталдык изилдөөлөр аткарылган.

«Изилдөө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларынын жардамында, божомолдоонун тактыгы жогорулоодо. Жыйынтыгында жер көчкүлөрдүн учурдагы абалы жана кооптуу аймакта жашоолорун улантып келе жаткан жарандар боюнча маалыматтар такталып, эскертүү менен түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү сунуштар берилүүдө. Иш-чаранын жыйынтыгында ГИС программасынын жардамында кооптуу аймактардын картасы түзүлөт», — дешти.