Жер маселесинен улам Төкөлдөштө чыр чыкты

Төкөлдөш конушунда жердин айынан чыр чыкты. Маалыматтарга караганда, чырга Армейская көчөсүндөгү 51 жер тилкеси себеп болгон. 

Райондун тургуну Тохтахан Мунахунованын айтымында, анын колунда 1996-жылдагы менчиктештирүү боюнча документи бар, жер мораторийден улам мыйзамдаштырылбай калган. «Кийинчерээк бул жер тилкеси башка адамга берилип, аларга 2005-жылдагы мамлекеттик күбөлүк берилгени белгилүү болду», — деди ал.

Ал 51 тилкеде 72 үй-бүлө жашай турганын, айрым участоктордо талаш-тартыштар бар экенин айтты.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Гүлназ Халилованын айтымында, тосмону бузуу учурунда жаңы ээси катышкан чыр чыгып кеткен. Бузуу иштери 19-майга жылдырылган.

Ал эми мэриянын маалыматы боюнча, Армейская көчөсүндөгү 163 үйдүн маңдайында Тохтахан Мунахунова пайдаланып келген жана ага чарбалык курулуштар салынган жер тилкеси бар. Бул жер участогуна Бишкек шаарынын мэриясынын 2005-жылдын 3-февралындагы №111 токтомунун негизинде башка жарандын наамына кызыл китеби бар. Чарбалык курулуштарды бузуу боюнча соттун чечими бар.