Бүгүн, 25-декабрда Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2024-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2025-жылга пландары боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
Жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерди кызыктырган суроолорго да жооп берип жатып, реновация боюнча кенен маалымат берди.
«Реновация бул замандын талабы. Реновация болмоюн жаңылануу болбойт. Өзүңөр билгендей, бүгүнкү күнү жер тар. Жер азайып бара жатат. Бишкек, Ош шаары болобу же башка шаарбы жер калбай бара жатат. Жерди кеңейте албайбыз. Башка элементтерди колдоно албайбыз, болгону реновация кылыш керек. Эски турак жайларды техникалык абалына жараша бузуп, ордуна жаңы үйлөрдү курушубуз керек. Эң жакшы деген Манас проспектисиндеги кээ бир үйлөрдүн турганын көрсөңөр болот. Бул 30-40-жылдары курулган үйлөр. Аларды бара-бара жаңылаш керек. Архитектуралык элементтерди сактап калуу керек деп жатышат. 1700-1800-жылдары салынган объектилер болсо макул дейт элем, бирок шаардагы объектилердин көбү 70-80-жылдары салынган. Ооба, жакшылары бар, бирок бир типтүү болуп салынган. Ал эми Спорт сарайы, Ак Үй архитектуралык элемент. Ал атайын проект менен салынган болсо, сактап калышыбыз керек. Бир типтүү болгондордун эмнесин сактайбыз?
Алардын ордуна объекттер салынса жол тыгын болот деп жатышат. Тыгын азыр деле болуп жатат. Аны чечүүчү башка нерселер бар. Аны курбай койсоң эле чечилип калбайт да. Биз жер астын казып, унаа токтотуучу жай курушубуз керек»,- деди ал.