Жалал-Абад облусунда кечээ, 5-августта катталган жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөө боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын алдын ала берген маалыматы боюнча, жарака кеткен турак жай жана социалдык мекемелердин саны 14тү түздү.
Майлуу-Суу шаарында 1 социалдык объект, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагында 2 социалдык объект, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө 8 турак жай жана 3 социалдык объектинин дубалдарында жаракалар пайда болгон.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикееевдин тапшырмасы менен жер-жерлерде Жарандык коргонуу кызматтары жана штаб тактоо жумуштарын улантууда. Мындан сырткары ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери менен биргеликте жер көчкү жүрүүсү мүмкүн болгон аймактар көзөмөлгө алынууда.
5-августта облус аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган, силкинүүнүн очогу Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Базар-Коргон районунун айрым айыл өкмөтөрүндө 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.