Жер титирөөдөн «Кыргыз деңизи» санаторийинде жарака кетти (видео)

23-январга караган түнү Кыргызстанда жер титиреди. Интернет колдонуучулары «Кыргыз деңизи» эс алуу санаторийинде жер титирөөдөн жарака кеткен видео менен бөлүшүштү.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси маалымат берип, эки имарат кошулган жерде жарака кеткенин, жетекчилиги талаптагыдай курулуш материалдарын колдонбой койгонун айтып, тапшырма берилерин билдирди.