Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жер-Үй кениндеги Талас алтын кен комбинатына барды.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын март айында ишкананы ишке киргизүү аземине президент Садыр Жапаров катышкан. 2 жыл ичинде ишкана 7 тоннадан ашуун алтын өндүргөн.
«Таластагы «Жер-Үй» алтын кен комбинаты 2022-жылы 23 миллиард сомдук продукция өндүргөн. Кыйыр кызмат көрсөтүү тармактарын эсепке албаганда, комбинаттын өзүндө эле 1400 адам жогорку айлык акы төлөнүүчү жумуш менен камсыздалган. Облустук фондго 407 миллион сом которулган. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн эсебине 1,3 миллиард сомго жакын акча каражаты топтолду. 20 жылдан бери бул комбинаттын иштешине каршы чыккандар азыр уялууда. Заманбап технологиялар жана тыкыр жүргүзүлгөн көзөмөл экологияга кымындай да зыян келтирүүгө жол бербейт. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде ушундай 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үстүндө иштеп жатат», — деди Байсалов.