Президент Садыр Жапаров «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду. Бул маалыматты басма сөз кызматы 13-августта таратты.
Документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.
«Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот.
Ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.
Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет», — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган мыйзам 13-августтан тарта күчүнө кирди.