«Жердин ээси психиатриялык ооруканада». Кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылды (видео)

Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 20-майда Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган. Бул тоннелдин тереңдиги 15 метр, тоннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

Ошол эле учурда жогорудагы жер астынан өтүүчү жолдун табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда. Учурда кылмышка тиешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат.