Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун мөөнөтү белгиленди

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-аперелде өтөт. Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров  «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол коюп анда жергиликтүү кеңештердн шайлоосу 11-апрелге, дем алыш күнгө белгиленгенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарлык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоону, ошондой эле мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү максатын көздөйт.

Ошондой эле Конституциянын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн, 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынаарын, билдиришти президенттик аппартаттан.