Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 179 ЖМК чагылдырат

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аккредитациядан жалпы 179 жалпыга маалымдоо каражаттары өттү. Алардын ичинде 64 интернет-басылма бар.