Жергиликтүү шайлоо жана референдум. Жалал-Абад облусу боюнча маалымат

11-апрель шайлоо күнүнө карата Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 700дөн ашуун кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча шайлоо тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саат 18:00гө карата Жалал-Абад облусунун аймагында шайлоону өткөрүүдө, шайлоого байланышкан Жалал-Абад РИИБдин маалыматтардын электрондук китебине жалпысынан үгүт иштерине байланыштуу — 3, добуш сатып алуу боюнча – 1 маалымат келип түшкөн. Бардык учур боюнча текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада маалыматтар такталган эмес. Учурда облус аймагында коомдук-саясий абал стабилдүү жана милициянын көзөмөлүндө.