Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Ысык-Көл облусу

Ак-Суу райондук сотуна:

Маматкулов Русланбек Темиркулович;

Балыкчы шаардык сотуна:

Мамбетова Чинара Сталбековна;

— Чүй облусу

Аламүдүн райондук сотуна:

Чоткараев Тилек Устабаевич;

— Талас облусу

Талас облустук сотуна:

Султаналиева Айнура Кенжебековна;

— Баткен облусу

Баткен облустук сотуна:

Пазылов Мамасаит Мамытович;

— Бишкек шаары

Биринчи май райондук сотуна:

Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.