Жергиликтүү тургун: «Тажикстанга аткезчилик жол менен жүк ташып бара жаткан унаа оодарылып калды» (видео)

Баткен облусунун Лейлек районунда аткезчилик көмүр менен Тажикстанды көздөй бара жаткан КамАЗ оодарылып калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар айтып чыгышты. 

Алардын айтымында, жүк ташуучу унаанын айдоочусу чек арадан өтүү үчүн жол жок аймактан өтүп бараткан. «Айдоочу Тажикстанга унаасын тоолор аркылуу айдап өтүүгө аракет кылып, оодарылып калган. Бул аткезчиликтин кесепеттери«, — деди жергиликтүү тургун.

Бул тууралуу тиешелүү органдар үн ката элек.