Жергиликтүү тургундар: «Тажиктер Лейлек менен Кызыл-Белде да ок чыгарып башташты»

Тажик аскерлери Баткендин башка айылдарында дагы ок чыгарып башташты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Сереп Медиа маалымат агенттигине билдиришти.

«Ок атышуу Лейлекте дагы башталыптыр. Максат айылында дагы. Биздин айылдагылар тоо жакка качып жатышыптыр», — деди Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну.

«Тажиктер Кызыл-Белден кол салып жатыптыр. Уруш күчөп кетти деп жатышат. Биз Көк-Таштан Миң-Булакка качып келдик эле, ал жактан Бужумга качтык. Миң-Булакта аскер бөлүгү бар эле, тажиктер эми аякты аткылап жатыптыр. Көк-Таш айылы менен байланыш жок болуп атат. Кызыл-Белдеги туугандарыбыз чек арада бири-бирин атып жатат деди. Лейлектен дагы кол салып жатышыптыр, Бешкент деген жерден. Бүт чек арага чектеш айылдарда болуп жатат деп угуп атабыз», — деди Көк-Таш айылынын тургуну Айзада Хамдамова.

«Мен өзүм азыр Бишкекте Баткен боюнча митингге катышып жүрөм. Лейлекте абал өтө оор болуп жатат. Лейлектин Кулунду айылына басып киришиптир. Максат айылына, нефти чыккан Катта-Тузга басып кирди. Тажиктер буга атайын даярданган. Май куюучу жайларды аткылады. Азыр алардын аскерлери менен БТРлери биздин айылдарды аралап жүрөт, бул эч кандай мыйзамга туура келбейт. Эл аралык мыйзамга дагы. Биздин чек арачылар колдон келген аракетин кылып жатат. Жай жарандарды алып чыгып кетишти дейт», — деди Лейлек районунун тургуну Сапарали Бөрүбаев.