Баткен облусунун тоо боорундагы алыскы Зардалы айылына интернет орнотулду. Аны Кыргыз Интернет Коому ишке ашырган. Бул тууралуу аталган коомдон билдиришти.
«Уюмдун инженери Ибрахим Халил Билгич бир нече күн-түндүк эмгектенүүдөн кийин «Зардалыда интернет абдан жакшы ылдамдыкта иштеп жатат, жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок» деп билдирди»,- деп айтылат маалыматта.