«Жерүйдөн» мамлекеттик казынага бир айда 140 миллион сом түштү

Таластагы «Жерүй» алтын комбинаты ишке киргенден тартып бир айда мамлекеттик бюджетке 140 миллион сом түштү. Бул акча апрель айы үчүн төлөнгөн салык жана жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө кеткен чыгым. Мындай маалымат кенди иштеткен “Альянс алтын” компаниясынын сайтына жарыяланды.

Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө төлөнгөн акча комбинат тапкан кирешенин 2 пайызын түзөт. Аны үч фонд ич ара бөлүштүрөт. 50 пайызы облусту, 30 пайызы районду өнүктүрүү фондуна кетет. Калган 20 пайызы кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке чегерилет.

«Жерүй» кенинен келип түшкөн бардык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Каражаттарды бөлүштүрүү жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик аткаруучулардын ролун аткарат»,— деп айтылат маалыматта.

Алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышы быйыл 17-мартта президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда өткөн​. «Жерүй» көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.