Жети атаң ким? Садыр Жапаровдун ата тегинин «өмүр дарагы»

«Музейге келгендер ажобуз Садыр Нургожоевичтин ата теги жөнүндө көп кызыгып сурашкандыктан,
Долон бий-Бирназар-Нуркожо санжырасынын «Өмүр дарагын» далилдүү санжыралардын негизинде жасап койдук». Ушундай билдирүүнүн коштоосунда Жети-Өгүз районундагы Кален Жетимишбаев атындагы Тарых таануу музейинин директору Мурат Жетимишбаев сүрөт жарыялады.

Садыр Жапаров 2020-жылы декабрь айында ата тегинин тарыхына токтолуп, анын аталарынын бири Тагай бий түндүктө төрөлбөгөнүн, түштүктөн көчүп келгенин айткан. Кийин президенттик кызматка киришип жаткан аземде «Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон бий, берегиде Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санайм» деген.