Royal
SerepTV Logo

Жети-Өгүздө 17 жаштагы өспүрүм капчыгайга козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болууда

Жети-Өгүздө 17 жаштагы өспүрүм капчыгайга козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болууда
Ысык-Көлдө 17 жаштагы өспүрүм дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районундагы Барскоон капчыгайына 2005-жылы туулган жаран козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу, кошумча ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Саат 03:15те издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иштери улантылат.