Жети-Өгүздө айыл жаштары имамга умрага жолдомо белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айыл өкмөтүнө караштуу Балтабай айылынын жаштары аталган айылдын имамы Ырысбай Асакеевге көп жылдан бери айыл үчүн аткарган эмгегин баалап, ыраазычылык иретинде умра сапарына жолдомо белек кылышты.

Айыл жаштары чогулткан жалпы акча 166 миң 600 сомду түзүп айыл имамына тапшырышты. Айыл жаштары жолдомону имамга тапшырып жатып, сапары байсалдуу болушун, аман-эсен барып келишин, бардык каалоо-тилек, дубалары кабыл болушун каалашты.