Жети-Өгүздө байланышка чыкпай жаткан 2 киши аман-эсен табылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

7-апрель күнү саат 21:30 чамасында Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына 1972 жана 1989-жылы туулган кишилер Toyota Land Cruiser унаасы менен кетип, бороон болгондуктан, байланышка чыкпай дайынсыз болушкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

9-апрель күнү жерине ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ, унаа жолду тазалоого №3 ЖТИден 1 жүктөгүч жана УКМКнын “Кара-Сай” Чек-ара заставасынан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган. Жогорудагы аталган жарандар заставадан 18 чакырым аралыктан аман-эсен табылган. Абалдары жакшы.