Жети-Өгүздө унаасы менен көл жээгине чейин кирген айдоочу табылды

Социалдык тармактарда Жети-Өгүздөгү көлдүн жээгинде унаа менен жүргөн видео тараган.

8-августта милиция тарабынан Тойота-Лэндкрузер унаасынын айдоочусу аныкталган. Ал 37 жаштагы Каракол шаарынын тургуну болуп чыкты.

«Материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берилди», — дешти.