Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылганын «Турмуш» жазды.
Маалыматка караганда, 11-июнга караган түнү Чым-Там жайлоосунда 300дөн ашуун кой-эчки өлгөн. Жергиликтүү чабан малдын моюн жагында төрт тиштин изи калганын айтып, илбирс кол салганын божомолдогон.
Жырткыч эки койду жеп, 15ин тамактаган. Калгандары бири-бирин тебелеп өлгөнү айтылат. Кырылган мал атайын казылган чуңкурга санитардык талаптарга ылайык көмүлдү.