«Жетиштүү жазамды алдым». Блогер Ырыс Жекшеналиев президентке ачык кайрылуу жасады

19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев президентке ачык кайрылуу жасады.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен сизге Кыргыз жараны, анын ичинде укук коргоо органдарынан, сот системасынан запкы жеген адам катары кайрылууну туура көрдүм. Бүгүнкү күндө камакта болгонума толук 9 ай болсо, анын 3 айын абакта өткөрдүм. Бир күндө кылмыш ишин токуп, сот өткөрүп камакка алышты. Камакка алынганымдын себебин менин курчтугума, мүнөзүмө сыпатташты.

Мени бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 278, 327-беренелер менен айып тагып, бийликти басып алууга айыптап турушат. Мүмкүн Кудай алдында, cиздин алдыңызда айыбым бардыр, бирок мыйзам алдында кымындай да күнөөм жок. Камакта отуруп жакындарыма «Кайрылуу кылбагыла, митинг, ар кандай азгырык болгон акцияларга чыкпагыла, колдонуп кетет» деп санаа тартып жазып жаттым. Алар аткарышты, жан дүйнөсү өрттөнүп турса да, көчөгө чыгышкан жок. Бул менин бийликти басып алууга максатым жок экендигине далил. Мен мүмкүн жаштык, тентектик кылып, күүлөнүп ката кетирип алгандырмын. Бирок ал катам үчүн жетиштүү жазамды алып, өзүмдүн, апамдын, жакындарымдын ден-соолугун берип чыктым деп эсептейм«, — деп жазды ал.