Жибек Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Жибек Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«13-сентябрда саат 23:00дө Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишин жабуу пландалууда. Кесилиш 16-сентябрда саат 08:00дө ачылат», — деп айтылат маалыматта.

Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин оңдолот.