Жидда-Бишкек-Жидданын биринчи рейси бүгүн аткарылды

Бүгүн, 3-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунда Flynas авиакомпаниясынын Жидда-Бишкек-Жидда (Мекке) багыты боюнча биринчи рейсин тосуп алынды.

21-августтан тарта Flynas авиакомпаниясы 22 кишилик бизнес-класс салону менен 174 орундуу Airbus 320neo учактары менен Жиддадан Ошко жумасына 3 жолу түз каттамдарды аткарып келет. Жиддага каттамдар жумасына үч жолу аткарылат: шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат 00:05те учуу, конуу 08:30да. Кыргызстандын борборунан кайра учуу каттамдары учуп келгенден 50 мүнөттөн кийин саат 09:20да башталат. Жидда аэропортуна кайтуу убактысы 12:30.

Маалыматка ылайык, Flynas Сауд Аравиясынын 23 багытына үзгүлтүксүз каттамдарды аткарат. Аравия, Түркия, БАЭ, Египет, Ирак, Алжир, Бахрейн, Ливан, Пакистан, Нигерия, Кувейт жана Судан. Мындан тышкары, Малайзия жана Индонезияга чартердик каттамдар аткарылат. Flynas авиакомпаниянын маршруттук тармагы жума сайын 1500дөн ашык каттамды тейлеген 70тен ашык ички жана эл аралык багыттардан турат.