Жириновский Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде нааразылык акциясын уюштурду

Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу ал өзү Telegram-каналында билдирди.

«Биз Кыргызстандын элчилигинин жанында бул өлкөдө орустарга кысым көрсөтүүнүн кайталанган учурларына байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүп жатабыз. Кечээ эле Бишкекте кыргыз улутундагы жаран орус кассирге орусча сүйлөгөнү үчүн кол салды. Бир жума мурун ал жактагы орус жигитти шылдыңга алышкан», — деп жазган Владимир Жириновский.

Ал ошондой эле Орусияга Кыргызстандан барган жумушчулардын санын кыскартууга жана эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланышты солгундатууга чакырды. Буга чейин Владимир Жириновский Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчисин чакыртып алууну талап кылган.