Жириновский Кыргызстанга жана башка КМШ өлкөлөрүнө Россияга кошулууну сунуштады

Россиянын либерал-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский Борбор Азия өлкөлөрүнө Россиянын курамына кирүүнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Саясатчы өлкөлөр муну губерния укуктары менен жасаса болот деп эсептейт.

Жириновский мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөн  «КМШга караганда кубаттуураак нерсени жаратса» боло турганына ишенет.

«Бардык маселелерди чечүүнүн, толук коопсуздукту жана мыкты экономиканы камсыз кылуунун эң мыкты жолу — бул мурдагы 14 союздук республиканын баары Россиянын курамына губерния катары кириши: Дүйшөмбү губерниясы, Бишкек губерниясы, Ереван, Киев губерниясы жана башка», — деген ал «Говорит Москва» радиостанциясынын эфиринде.

Бирок Жириновский бардык көйгөйлөрдү чечүү жолу катары КМШ өлкөлөрүн  Россияга кошууну биринчи жолу сунуштап жаткан жери жок.

Буга чейин саясатчы Арменияны Россиянын курамына кошууну сунуштаган. Бул анын оюнча, Арменияга Түркия менен чыр-чатакты чечүүгө жардам бермек.