ЖКККББ: Камчыбек Ташиев жол тескөөчүлөрүнө ийгиликтерди каалады

Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош жолунун 574-чакырымында кызмат өтөп жаткан учурда, “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев түшүп келип, кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Анда кызматкерлердин кызмат өтөө тартибин, жарандар менен болгон мамилесин, жалпы мыйзамдуулуктун сакталышын жана элибиздин коопсуздугу үчун татыктуу кызмат кылуу керек экендигин эскертип, кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалап кеткен.