ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев «Сосновка» постуна барды

Бүгүн 10-декабрда таңкы саат 05:00дөн баштап ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка постунда кызмат өтөгөн жол кыймылынын тескөөчүлөрүн, Жайыл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүн күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жетекчи жолго чыкпай иш бөлмөдө отурган кызматкерлерди катуу сындап, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле айдоочуларды жолдо этият болууга чакырып, аралыкты сактап, белгиленген ылдамдыктан ашпоону, коопсуздук курун тагынууну эскертти.

Жол тескөөчүлөрүнө мамлекеттик номери көрүнбөй калган автоунаалар “Коопсуз өлкөнүн” видеокамераларына түшпөй кала турганын айтып, номерин тазалатууну тапшырды.