ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын машыгуусу Кыргызстанда өткөрүлбөйт

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын «Майтарылгыс боордоштук» аттуу машыгуусун өткөрбөө тууралуу чечимин кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматынан бул машыгуунун өтүүсү октябрь айында Кыргызстандын аймагында болору пландалганын билдиришти.

Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылган болчу.