ЖМКлар: «Ташкенттеги зоопаркта кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял психдиспансерде каттоодо турат»

28-январь күнү Ташкенттеги зоопаркта үч жашар кызын аюунун капасына ыргытып жиберген келин психиатриялык диспансерде каттоодо турат. Ал үй-бүлөлүк кысымга кабылып, күйөөсү менен ажырашууга аракет кылган. Бул тууралуу келиндин атасы Юлдош Тулагановго шилтеме берүү менен «Gazeta.uz» жазып чыкты.

Анын айтымында, кызы 7-8 жыл мурда турмушка чыккан. Ал күйөө баласы Орусияда иштеп жүргөнүн, аны менен байланышууга дайыма эле мүмкүн боло бербегенин айтты. Юлдош Тулаганов стресстен улам психикалык жактан жабыркаган кызы алгач бир жарым жыл мурун дарыгерлерге кайрылып, психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганын айтты. Ал жарым жылда бир жолу адиске барышы керек болчу. «Кызым стресске кабылгандан кийин биз аны дарыладык. Мен балдарыма эч качан орой сүйлөгөн эмесмин. Анын үй-бүлөсү көрсө, тынымсыз кыйкырыктар болчу экен. Кайненеси кыйкырып, күйөөсү ур-токмокко алып, сөкчү экен. Ал буга көнгөн эмес», — деди ал.

Ал кызынын жогорку билимдүү экенин —  Улуттук искусство жана дизайн институтун, ошондой эле башка багыт боюнча магистратураны аяктаганын белгиледи. Юлдош Тулаганов зоопарктагы окуядан бир нече күн мурун кызынын күйөөсү телефон чалганын айтты. Окуя болгон күнү ал балдары менен дарыканага чыгып, бирок акыры Ташкенттеги зоопаркка барган. Атасы кызы акыркы күндөрдө дарыгер жазып берген дарыларды ичпей калган окшойт деп шектенип жатканын айткан.

Окуядан кийин укук коргоо органдары аялдын экинчи баласын алып кетишкен. Тергөө иштери аяктаганга чейин анын уулу камкордукка алуу органдарынын көзөмөлүндө болот.