Улуттук курама команданын чабуулчусу Жоэль Кожо Ирандын «Эстегляль» клубуна өттү. Аталган клуб Ирандын эң белгилүү футбол клубдарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Команда Ирандын футболунун жогорку дивизионунда ойнойт. Учурда клуб 16 команданын катышуусунда өткөн чемпионаттын турнирдик жадыбалынын 8-орунда турат. «Эстегляль» Ирандын 9 жолку чемпиону болуп, Азия чемпиондор лигасын эки жолу жеңген.
Белгилей кетсек, футболчу буга чейин Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда ойноп, өткөнкү сезондо анын карамагында 24 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизген.
Жаңы клуб менен болгон келишим 2+1 системасы менен түзүлдү. Тактап айтканда, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Кожо Жоэль 11 номур менен ойнойт.