Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү чечимин чыгарды

Жогорку Кеңештин депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу чечимин чыгарды.

Депутаттар соңку кырдаал боюнча маалымат алуу үчүн аны бүгүн эртең менен чакырышкан. Бирок министр келбей коюп, эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты.

Натыйжада, Бейшеналиевди кызматтан кетирүү тууралуу өкмөткө сунуш берүү токтом долбоору добушка коюлду. Натыйжада 81 депутат «макул», сегизи «каршы» добуш беришти.

Ал эми буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиевдин жыйынга барбаганын анын иш сапар менен Нарында жүргөнүн жүйө кылган.